Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу уюштуруу боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Зеленский маалымат жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Зеленский жолугушуу куралдуу жаңжал уланып жаткан Донбасста өтүшү мүмкүн экенин айткан. Путин аны Москвада кабыл алууга даяр экендигин билдирген. Кремлдин пресс-катчысы Дмитрий Песков Киев менен Москва эки лидердин жолугушуусу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканын тастыктаган.
Зеленский маалымат жыйынында Путин менен жолугушуп, бетме-бет сүйлөшүүсүз Донбасстагы согушту токтотуу мүмкүн эмес экенин айтты. Украина президенти Путинди жүргүзүп жаткан саясатына мүнөздөмө бергенден баш тартты.