Орусия менен Кыргыз өлкөсүнүн күч органдары тарабынан 810 килограмм героинге бөгөт коюлду. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык бажы кызматына таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган баңги затты Ооганстан, Иран, Пакистандан ЕАЭБ өлкөлөрү аркылуу Чыгыш Европага жөнөтүү пландалган. Героин 200 килограммдан Нидерландыга жеткирилмек. Бирок логистикалык схема аныкталып, биринчи төрт партиянын жолу буулган.
"Контрабандалык каналдын уюштуруучулары, аткаруучулары жана аларга жардам бергендер кармалды. Алар чет өлкөлүк жарандар болуп чыкты, арасында Евро Биримдик өлкөлөрүнүн жарандары дагы бар.
Атайын операцияны Орусиянын Федералдык бажы кызматы, ИИМдин өкүлдөрү жана Кыргыз өлкөсүнүн УКМК кызматкерлери жүргүзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМК Ош облусунда 13-май күнү 440 килограмм героин ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалганын билдирген. Унаадагы героиндин базардагы баасы 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөрү кабарланган.