2009-жылы дүйнөнү дүңгүрөтүп, атаандаштарынын түшүнө кирген Хосеп Гвардиоланын "Барселонасы" учурда кайда?

Бүгүн биз, SUPER.KG порталы 2009-2011-жылдар аралыгында мыкты оюн көргөзүп, дүйнөнү дүңгүрөткөн Испаниянын "Барселона" футболдук клубу жөнүндө сүйлөшөбүз. Анда "Барселона" дүйнөдөгү эң мыкты команда болгон жана муну команданын жыйынтыгы, алардын оюн деңгээли тастыктаган. Мындай команданы түбөлүккө көрүүгө болот эле. Көптөгөн эксперттер бул команданы XXI кылымдын мыкты командасы деп аташчу.

3 жыл ичинде башкы машыктыруучу Хосеп Гвардиоланын жетекчилиги астында "Барселона" үч жолу катары менен Испаниянын чемпиондугун, эки жолу Чемпиондор Лигасын, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар аралык биринчиликти жеңип алган. Бирок "Барселонанын" жеңилишин дээрлик билбеген оюнчулары эмне болду? Эми ошол жылдардагы негизги курамдын оюнчулары учурда эмне кылып жатышканына көз чаптыралы:

Дарбазачы - Виктор Вальдес.

Виктор Вальдес дээрлик 11 жыл "Барселонанын" башкы дарбазачысы болгон. Бирок 2014-жылы күтүлбөгөн жерден "Манчестер Юнайтедге" өтүп, анда 2 гана оюн өткөргөн. Вальдес башкы машыктыруучу Луи Ван Гаал менен бир пикирге келе албай, Бельгия чемпиондугуна өткөн. Бирок бул жерде да ал ийгиликке жетише алган жок. Ал жактан Вальдес 7 гана оюн өткөрүп, анда 12 гол өткөрүп алган. Андан кийин Вальдес дагы бир сезон Англиянын "Мидлсбро" командасында ойноп, карьерасын жыйынтыктады.

Учурда ал Испаниянын төртүнчү дивизионунда ойноп жаткан "Орта" командасынын башкы машыктыруучусу.

Коргоочу - Дани Алвес.

Бразилиялык футболчу Дани Алвес ошол кездеги мыкты коргоочулардын бири деп эсептелген. Ошондой эле ал тарыхтагы эң көп сыйлык алган футболчу. Алвес 2016-жылы "Барселонадан" "Ювентуска" өткөн. Андан кийин Франциянын "ПСЖ" командасында 2 сезон ойноп, учурда бразилиялык "Сан-Паулуда" негизги курамда ойнойт.

Коргоочу - Карлес Пуйоль.

"Барселонанын" ошол кездеги капитаны 2014-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Бүгүнкү күндө Пуйоль кээде испан телекөрсөтүүсүндө футбол эксперти катары көрүнүп калат. Жакында эле ал "Барселонада" кызмат ордун алып, кайрымдуулук долбоорлоруна катыша турганы кабарланды.

Коргоочу - Жерар Пике.

Пике дагы деле болсо "Барселонанын" негизги борбордук коргоочусу болуп саналат. Бирок ал мурдагыдай мыкты оюн алып бара албай калды. Пике "Барселона" клубунда жалпы 561 оюн өткөрдү.

Коргоочу - Эрик Абидаль.

Абидаль 2011-жылы Чемпиондор Лигасын жеңип алгандан кийин ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөргө туш болгон. Бирок аны жеңип чыккан. 2013-жылы "Барселонадан" кетип, дагы бир сезонду "Монакодо" өткөрүп, Грециянын "Олимпиакос" клубунда 9 оюнга катышкан. 2014-жылы футболдогу карьерасын жыйынтыктап, 2018-жылдан 2020-жылга чейин "Барселонанын" спорт директору болуп иштеген.

Жарым коргоочу - Серхио Бускетс.

Пике сыяктуу эле Бускетс дагы эле учурда "Барселонанын" негизги курамында. Ал буга чейин клуб үчүн 600дөн ашуун оюн өткөргөн жана "Барселона" командасынын борборун ансыз элестетүү дагы деле кыйын.

Жарым коргоочу - Хави.

Хави "Барселона" менен мыкты жетишкендиктерге ээ болгон жана тарыхтагы мыкты жарым коргоочулардын бири деп эсептелет. 2015-жылы ал "Барселона" менен Чемпиондор Лигасын жеңип алып, Катардын "Аль-Садд" футболдук клубуна өткөн. Учурда ал ушул клубдун башкы машыктыруучусу. Андан бери "Барселона" Чемпиондор Лигасын ута элек. Балким, алар үчүн Хави жетишпейт.

Жарым коргоочу - Андрес Иньеста.

Арадан үч жыл өткөндөн кийин дагы бир легендарлуу жарым коргоочу Андрес Иньеста "Барселонадан" кетти. Ошондон бери ушул убакка чейин ал Япониянын чемпионатында, тагыраагы "Виссел Кобе" футболдук клубунда ойнойт. Иньестанын карьерасы качан жыйынтыкталары азырынча белгисиз. 37 жаштагы Иньеста азыр деле укмуштуудай оюн өткөрүп жатат.

Чабуулчу - Педро.

2011-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында чечүүчү голду киргизген Педро "Барселонада" көпкө ойногон жок. 2015-жылы ал лондондук "Челси" клубуна өтүп, аны менен 2017-жылы Англия чемпиону аталган. Ал "Челсиде" 5 жыл ойногондон кийин, италиялык "Ромага" өтүп, учурда ушул клубдун катарында.

Чабуулчу - Давид Вилья.

2011-жылы Чемпиондор Лигасынын финалында дагы бир гол киргизген Давид Вилья 2013-жылы "Барселонадан" кеткен. Андан бери ал "Атлетико Мадридде", америкалык "Нью-Йорк Сити" жана Австралиянын "Мельбурн Сити" клубдарында ойногон. Ал эми 2019-жылдан 2020-жылга чейин ал Иньеста менен япониялык "Виссел Кобе" клубунда оюн өткөргөн.

Чабуулчу - Лионель Месси.

Эми Лионель Месси кайда? Ооба, сиз баарын билесиз. Ушул кезге чейин ал "Барселона" үчүн алмаштыргыс оюнчу. Бирок анын көптөн бери быйыл клубдан кетиши мүмкүн экендиги айтылууда. Ага көз арткан Европадагы ири футболдук клубдар көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jigit.paren
2021-05-24 13:08:15
Эххх. Барса Барса
0
Dembele84
2021-05-24 13:18:06
Барсага кайрадан Гвардиола же Хавини алып келбесе,кайдагы физруктар келип команданын атын шерменде кылып жатышат
+3
kanybek1986
2021-05-25 10:15:45
2009-жылдагы оюнчулар дуйнодогу менмин деген клубдардын тушуно кирген ошол мезгилдеги Барселона клубу кайрадан келиши мумкун эмес тарыхта калган Барса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан