"Жети дубан ынтымагы" коомдук кыймылынын лидери жана 10 мүчөсү баңгизат менен кармалды

Чүйдүн Сокулук районунда жайгашкан үйлөрдүн биринен марихуана жана бульбулятор табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-майда милиция кызматкерлери тарабынан Новопавловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизаттарды сатууга жана уюштурууга катыштыгы бар деген шек менен санкциялаштырылган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

"Натыйжада 1969-жылы туулган "Кырк уруу, жети дубан ынтымагы" коомдук кыймылынын лидери кармалган. Анын кийип жүргөн спорттук күрмөсүнөн 2,5 граммды түзгөн марихуана баңги заты табылган.

Мындан сырткары тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда үйдө 10 жаран болгон, алар дагы жогоруда аталган коомдук кыймылдын жигердүү мүчөлөрү экендиги такталды. Алар: 50 жаштагы үйдүн ээси, 53 жаштагы үч жаран, 45, 44, 43, 40, 38 жана 35 жаштагы жарандар. Кармалган бул жарандар баңгизатка мас абалында болушканы аныкталган.

Тинтүүнүн жүрүшүндө, ашканадан бөтөлкөдөн кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк табылып алынган. Ошондой эле мончонун кийинүү бөлмөсүндө кара куурай жытына ээ болгон баштык табылган. Бул табылып алынган заттар 427 граммды түзгөн марихуана баңги заты экендиги аныкталган. Ошондой эле кармалган жарандардын биринин шымынын чөнтөгүнөн сары полиэтилен баштыкка оролгон 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн марихуана баңги заты табылган", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

20-майда кармалган 10 жарандын экөө убактылуу кармоочу жайына киргизилсе, анын сегизи тергөө амалдарынан кийин келип туруу милдеттенмеси менен бошотулган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жана тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shabi
2021-05-21 14:57:20
Уят.буларын жанагы кырк чоро деген сыяктуу.жети дубан ынтымагы деген,кобунчосу чала спортик балдардан тузулгон беле.бул шумпайларын жанагы ОПГ нын эле бир туру да.аты эле башка болбосо
+4
KaGaH
2021-05-21 18:23:29
Таксырлар чегип алышкан экен да хе хе
+2
nurbek11
2021-05-21 21:55:42
10 кишиден 2.5 грам. Бул атайы уюштурулган ишке окшоп жатат.
-1
Asmat84
2021-05-22 12:07:59
Булар чегип алышып эле анан кетсин деп кыйкыра беришет экен да. Жанагы жаман иттин аты бөрү басар дегендей бакай деген динсиз бир дүжүр чал бар го ошону да жакшылап текшерүү керек кээде эле ичип чегип алгандарга окшоп эле. Имамдарга асыла берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан