Футбол: Тажикстандын "Худжанд" командасы кыргыз футболчуларына белек тапшырышты

Кечээ, 20-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 3-турдук оюну алкагында Тажикстандын "Худжанд" командасы менен Оштун "Алай" командасы кез келип, оюн 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Оюн алдында "Худжанд" командасынын капитаны Дилшод Бозоров "Алай" командасынын капитаны Алмаз Маликовго "Тажикстан - Кыргыз өлкөсү: элдеринин достугу өркүндөсүн" деген жазуусу бар топ тапшырды.

Буга чейин дагы "Худжанд" командасы "Алай" командасынын оюнчуларын аэропорттон Тажикстандын улуттук баш кийимин кийгизүү менен тосуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан