Назира Айтбекова: "Жан дүйнөмдө өзүмдү "пацанка" сезем, дос балдарымды көрсөм күрөшүп кетем"

Актриса, алып баруучу Назира Айтбекова ар кандай темада ачык пикирин билдирип, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратып келет. Бул ирет актриса айым SUPER.KG порталына маек берип "Мен кылтылдап, жылтылдап турган аялдарга кирбейм" дейт.

"Мен кылтылдап, жылтылдаган аялдарга кирбейм (күлүп). Жан дүйнөмдө өзүмдү "пацанка" сезем, дос балдарымды көрсөм күрөшүп кетем, мушташып турам. Сырттан карап назик аялдарга суктанам, үйрөнгүм келет. Мен аялдыгымды эми кабыл алгым келип, мен сулуу боло алат экем көрсө деп калдым. Ар бир аял эле өзүнүн аялдыгын кабыл алган эмес. Мисал үчүн, биздин жан дүйнөбүздүн ичинде эки энергия бар. Эркек энергиям меники көбүрөөк болгон үчүн лидер боло алам, бир жыйынтыкка жете алам, акча таба алам. Бир эркектен же башка бирөөдөн көз каранды эмесмин. Эгер аялдык энергиям көбүрөөк болгондо назик, тартынчаак болмокмун, мырзалардан жардам алганда уялбаган касиет болмок", - дейт Айтбекова.

“Ушул меники болсо деп суктана турган эркекти жолуктура элекмин” дейт Назира Айтбекова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mubarak
2021-05-21 17:59:29
Жыланачтанган аялдарга кирет охшойсун ее
+3
rafo80
2021-05-22 00:19:13
Гүлзат Мамытбектен кийинки эле ушул квз болуп калды окшойт.
+1
mirlanpiter
2021-05-22 03:04:55
Бул келин ачык эле айтып баштадыго " дос балдарды көрсөм дароо төшөктө күрөшө жүрөм " десе да болот эми
0
Asmat84
2021-05-22 11:59:19
Күйгүзөт да күйгүзөт айииий
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан