SUPERsportАзатайтат: "Алгач талаада таш ыргытып машыкчубуз" дейт Паралимпиадага алгачкы жолдомону уткан кыргыз спортчусу

SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору бул жолу Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган Паралимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалгыз жолдомо уткан спортчу Арстанбек Базаркуловдон кабар алды.

Базаркулов үч лицензиялык мелдешке катышуусунун жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарып, жолдомо алган.

Ал 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Гран-при лицензиялык мелдешинде ядрону түртүү боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде 4-орунду, ал эми Ноттвилде өткөн Гран-при мелдешинде 7,98 метр жыйынтыгы менен коло медаль жеңген.

Арстанбек Базаркулов Кыргыз өлкөсүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн шарт жок экенин жана эң алгач талаада таш ыргытып машыгуу өткөрүп жүргөнүн айтты. SUPER.KG порталы спортчунун үйүнө барып, анын алдыдагы даярдыктары, спортто жетишкен ийгиликтери жана үй-бүлөсү тууралуу таанышып келди.

Толугу менен видеодон көрсөңүздөр болот.

"Паралимпиададан ийгиликтүү кайтып, үйлүү болсом дейм" дейт жолдомо уткан кыргыз спортчусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2021-05-23 12:05:06
Уят жеп тоношо бербей спортун баардык туруно конул бурса
+2
zam81
2021-05-23 12:07:11
Эртен медал алса биздин окмоттун салымы чон деп чыгышат
+2
Jaka1978
2021-05-23 16:31:56
Азат ырахмат,сонун жазасың да
+2
Kari
2021-05-23 23:08:26
Азамат,озу да,тренери да,журналист бала да.Буюрса албан албан ийгиликтер алдыда.Кыргыздын желегин коколотуп,олимпиадаларда биринчи орунга жетишине тилектешпиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан