Кой-Таш айылында пакистандык студенттерге кол салган жарандарга каршы кылмыш иши кыскартылды.
Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Аламүдүн райондук соту тарабынан жабырлануучулардын каршы арызынын негизинде кабыл алынган. Анда алар эч кандай дооматтары жок экенин айтышкан.
"Бул иш боюнча жабырлануучулар тосмо арыз жазып, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган", - деди маалымат катчы Байыш Байгазы.
Эске салсак, 2020-жылдын июль айында Кой-Таш айылында үч адам Эл аралык медицина жогорку мектебинин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шахды жана Пакистандын дагы төрт жаранын сабап салышкан. Буга чейин Аббас Али Шах ооруканага жеткирилген. Анда студенттер достору менен тоого эс алууга чыгышкан, ошол маалда белгисиз адамдар аларга кол салышкан.