"Мен ушул элементардык гигиенаны билбейт экенмин" деп жазгандар көп болот" дейт Назира Айтбекова

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзүнүн ютуб каналына ар кандай темаларда адистер менен маектерди уюштуруп келет. Алардын көпчүлүгү интимтик маселелердин айланасында. Актриса айым SUPER.KG порталына маек куруп жатып, бул маселелерге да токтолуп өттү.

Анын айтымында, коомдо интимдик сабаттуулук жетишсиз болгондуктан бойдон алдыруу сыяктуу терс көрүнүштөр көбөйүүдө.

"Биз мурун Чубак ажынын берүүлөрүн көрүп отуруп адамдардан келген суроолордун көпчүлүгү интимдик жаатта, ошол эле гигиена жаатында, психологиялык ар кандай суроолорго адистин көз карашы жетпей жатканы өкүндүрчү. Ушул суроолорго адистер жооп берсе деген жакшы ойлорум бар эле, ортодо 2-3 жыл өтүп кетти. Былтыртан баштап ар кандай врачтарга барып, өлкөбүздөгү көйгөйлүү маселелерди козгоп чыгара баштадык. Анткени биз бири-бирибиз менен аралыкты өтө катуу кармайт экенбиз. Ата-эне менен баланын ортосунда чоң ажырым турат. Өзүбүздүн деле башыбыздан өткөн да. Бул берүүлөрүм чыккандан кийин негативге караганда колдоп, коштогондор көбүрөөк болду. Биз бул нерселерди ачык айтып бербесек сабатсыздар, боюнан алдыруулар көбөйө берет экен. Элементардык гигинена деген теманы козгогондо, мен ушул элементардык гигиенаны билбейт экенмин деп жазгандар көп болот", - дейт Айтбекова.

“Ушул меники болсо деп суктана турган эркекти жолуктура элекмин” дейт Назира Айтбекова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-05-21 19:25:49
Ола,ыйман берсин Аллахым.Жыланачтанбай акылына келсин.
+3
Dembele84
2021-05-21 21:48:33
Бул кыз дагы хайп болоюн деп ар нерсе болуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан