SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Өзгөн районундагы Мичурин айылынын тургуну кайрылды. Анда ал Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Мичурин айылында жайгашкан ресторан таштандыларын ачык аймакка төгүп жатканын айтты.
"Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Мичурин айылында жайгашкан ресторан таштандыларды ачык аймакка төгүп жатат. Бул боюнча Дөң-Булак айыл өкмөтүнө, Өзгөн райондук администрациясына дагы чогулуп барып кайрылсак эч кандай майнап чыккан жок. Күн ысыган сайын таштандынын жыты айылга чейин жетип жатат. Ал тегеректе ойногон балдарга кооптуулук жаратпайт деп ким кепилдик берет?" - деп кайрылды тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.