Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөсү өз эрки менен экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты

Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөсү өз эрки менен экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан диний экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана алдын алуу иштери Кочкор районунда өткөрүлдү.

"Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облусунда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тартуу аракеттерин кылып жүргөн жаран аныкталды. Казыяттын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири өзүнүн жаңылыштыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты", - деп жазылат маалыматта.

Нарында тыюу салынган уюмдун мүчөсү экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан