Бишкекте 15 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап каза болду

Бишкекте 15 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 20-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында милиция бөлүмүнө Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен өспүрүм баланын кулап кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барып маалыматты тактаганда, 15 жаштагы А.Р. аттуу бала көп кабаттуу үйдүн 16-кабатынан белгисиз себептерден улам кулап кеткендиги такталган. Келген "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери анын каза болгонун аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Биринчи Май РИИБинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан