Биздин "Рулдагы жылдыз" рубрикабыздын кезектеги коногу ырчы Гүланда болуп, унаасы тууралуу жана кыялындагы унаа тууралуу айтып берди.
"Бул унаамды алганыма 6-7 ай болуп калды. Мурда 30 жаштан ашканда Лексус үлгүсүндөгү унаалуу болгум келчү. Ошол кыялыма жеттим. Негизи рулда жүргөнүмө 15 жылдын жүзү болду. Унааны чыгармачылыктан тапкан ак эмгегиме алдым. Жаңы унаа алганда апам дайыма майлап, ак жоолук байлайт. Өзүм негизи унаа кууп аркасынан түшкөн деле адам эмесмин, бирок жакшы караганга аракет кылам. Анан ак түскө жакынмын, ошол себептүү ак түстүү унаа алдым", - дейт ырчы айым.