Оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды

УКМК тарабынан Чүй облусунда жүрүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында коңшу өлкөнүн жараны К.Э. кармалды. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу жана өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды. Ошондой эле ал оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө экендиги белгилүү болду.

"Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан