АКШнын Нью-Йорк штатында COVID-19га каршы эмдөө алгандар үчүн 5 миллион доллар ойнотулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Нью-Йорк штатынын ыйгарым укуктуу өкүлү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тургундарды COVID-19га каршы эмдөөгө чакырып, вакцинага беш миллион доллар ойнотууга катышууга мүмкүнчүлүк берген бекер лотерея билети берилерин жазып чыккан.
Анын айтымында, лотерея эмдөөдөн өтүүнүн маанилүү жаңы себеби. Чоң акчалай сыйлыктын ойнотулушуна катышуу үчүн он мамлекеттик агенттиктин биринде COVID-19 илдетине каршы эмдөө алуу керек. Мындан тышкары, тургундар Pfizer же Johnson&Johnson вакцинасын тандашы керек.
Утушка 18 жаштан жогору курактагы жарандар катыша алышат. Бардык талаптарды аткарган ар бир жашоочуга 5 миллион доллар өлчөмүндөгү баш байгеси бар Нью-Йорк штатынын акысыз лотереялык билети берилет. Ошондой эле ушул сыяктуу лотереялык билеттерди штат боюнча он чекене дүкөндөн 20 долларга сатып алууга болот.