Венгрияда коменданттык саат жана бет кап кийүү режими алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Венгрияда 4,8 миллиондон ашуун адам коронавируска каршы эмдөө алган. Дем алыш күндөрү эмдөө алгандардын саны 5 миллионго жетерин билдирген аталган өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан.
"Демек, биз үчүнчү толкунду жеңдик. Венгрия бүгүнкү күндө эпидемиядан башка Батыш өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк иммунитетке ээ", - деп билдирген Орбан.
Венгрияда эмдөө алган адамдардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр этап-этабы менен алып салынат.