Бишкекте эртең менен жол кырсыгы катталып, 3 жаштагы кыз жабыркады

Бишкектин Лев Толстой жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менен жол кырсыгы катталып, 3 жаштагы кыз жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык бүгүн саат 8:30 чамасында катталган.

"Жол кырсыгында BMW X5 жана Subaru унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 жаштагы кыз жаракат алып, №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилди. Учурда унаалар убактылуу айып короосуна токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан