Футбол боюнча Испания чемпиондугунун (Ла Лига) акыркы 38-турдук оюнунун алкагында "Атлетико Мадрид" "Вальядолид" командасын утуп, 2021-жылдагы Испания чемпиону аталды.
Беттеш Испаниянын Вальядолид шаарындагы "Хосе Зоррилла" стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде мадриддик команданын жеңиши менен аяктады.
"Вальядолиддин" чабуулчусу Оскар Плано оюндун 18-мүнөтүндө гол киргизди. Ал эми "Атлетико" командасынын чабуулчусу Анхель Корреа эсепти теңеди. 57-мүнөттө "Атлетиконун" чабуулчусу Луис Суарес мадриддиктердин экинчи голун киргизип, оюнга чекит койду.
Муну менен "Атлетико Мадрид" 38 оюнда 86 упай топтоп, 2020/2021 сезонунун Испания турнирдик таблицасында эң жакын атаандашы "Реалдан" эки упай алдыга чыгып, биринчи орунду ээледи. Валладолид 31 упай менен 19-орунду камсыздады.