Мексиканын Атисапан-де-Сарагоса муниципалдык аймагында кеминде 30 кишини өлтүргөн 72 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү полициянын маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кылмышкер акыркы 20 жыл ичинде кеминде 30 кишини өлтүргөн деп айыпталууда. Полиция кызматкерлери 34 жаштагы жергиликтүү тургун Рейна Родригестин өлүмүнөн кийин кылмышкердин изине түшкөн.
Маалыматка караганда, Рейна Родригес 13-майда дайынсыз жоголгон. Ал бир баласын тарбиялаган жалгыз бой эне болгон. Рейна Родригес кылмышкер менен кошуна болчу, кылмышкер анын уюлдук телефон саткан дүкөнүнө байма-бай келип турган. Кошуналары аны акыркы жолу кылмышкердин үйүнө конокко келгендигин көрүшкөн. Кылмышкердин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, Рейна Родригестин денесинин айрым бөлүктөрү жиликтенген абалда табылган. Мындан сырткары башка белгисиз адамдардын да сөөктөрүнүн калдыктары табылган. Ошондой эле анын курмандыгы болгон ар башка курактагы адамдардын документтери менен буюмдары, киши өлтүрүү маалында жаздырып калган аудио жазуулары табылган.
Тергөө маалында белгилүү болгондой, ал адамдарды өлтүргөн соң, алардын этин тамакка колдонуп жүргөн.