
Бишкекте 97 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган. Эшикти ачкан кезде батирдин ичинен 1924-жылы туулган аял кишинин сөөгү табылган.
Жансыз денени куткаруучулар ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.