"Мушташ мен үчүн ийгилик алып келген жок". Антонина Шевченко жеңилүүсүнөн кийин алгачкы жолу комментарий берди

16-майга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШлык Андреа Ли менен беттешип, жеңилип калган. Арадан бир апта өткөн соң мушкер айым Инстаграм баракчасына мелдеш боюнча комментарий калтырды. Анда ал максатка карай алдыга жыла берерин билдирген.

"Кымбаттуу достор, өткөн ишемби күнү мушташта мага колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн чоң рахмат! Тилекке каршы, мушташ мен үчүн ийгилик алып келген жок. Бирок алдыда бир гана жол бар. Ал койгон максатка карай талпынып, ар күнү мыкты болуу", - деп жазып калтырган ал Инстаграм баракчасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан