Кыргыз альпинисти Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эвересттин жогорку чекитине чыкты. Бул тууралуу альпинисттин машыктыруучусу Александр Абрамов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Эверест 1" командасы эң бийик чокуну багындырды. Азыр ылдыйга түшөбүз. Аба ырайы жаман эмес. Бир аз шамал болуп жатат. Команданын курамында рекорддук көрсөткүчкө жеткен биринчи кыргыз жана израилдик бар", - деп жазып калтырган Александр Абрамов.
Кубатов эл аралык экспедициянын курамында дүйнөдөгү эң бийик чоку болгон Эверестке чыгууну пландаган (8 миң 848 метр, Непал). Экспедиция 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталган, 2021-жылдын май айынын аягына чейин уланары маалымдалган.