Чүй облусунун аймагында бир апта ичинде 2 миң 784 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Мас абалында унаа башкаруу - 32;
- Катуу ылдамдыкта айдоо - 1 миң 138;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 18;
56 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.