Футбол: "Лилль" футболдук клубу 10 жылдан кийин Франция чемпиону аталды

Футбол боюнча Франция чемпиондугунун 38-турдук оюнунун алкагында "Лилль" футболдук клубу конокто "Анже" командасы менен ойноп, 1:2 эсебинде жеңишке жетип, 2021-жылдагы футбол боюнча Франция чемпиону аталды.

Муну менен "Лилль" футболдук клубу жалпы 83 упай топтоп турнирдик жадыбалда биринчи орунду камсыздады. Экинчи орунга 82 упайы менен "ПСЖ" футболдук клубу жайгашты.

"Лилль" өз тарыхында төртүнчү жолу Франциянын чемпиону болду. Акыркы жолу команда 2010/11 сезондо чемпион болгон.

"Анже" - "Лилль" (1:2);

Голдор: Давид (10-м), Бурак Йылмаз (45-м), Фюльжини (90-м).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-24 09:58:27
Сонун,а то ПСЖ дайыма чемпион болуп тойгозду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан