Ла Лига: "Барселона" мени баалаган жок!". Луис Суарес "Атлетико Мадрид" менен чемпион болгондон кийин көзүнө жаш алды

"Вальядолид" командасы менен болгон беттештин жыйынтыгында "Атлетико Мадрид" чемпион аталгандан кийин мадриддик команданын чабуулчусу Луис Суарес оюн талаасында ыйлап жиберди. Анын көзүнө жаш алган сүрөттөрү Ла Лиганын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Уругвайлык чабуулчу 32 оюнда 21 гол киргизип, үч жолу голдук пас чыгарып берген. "Вальядолид" менен болгон оюнда Суарес чемпиондук голду киргизди.

Беттештен кийин Суарес көзүнө жаш ала "Барселона" клубу аны баалабай койгондугун айткан.

"Барселона мени баалаган жок. Ал эми "Атлетико" мага эшик ачып, мүмкүнчүлүк берди. Мага ишеним көрсөткөндүгү үчүн бул клубга ар дайым ыраазымын", - деген 34 жаштагы чабуулчу.

"Барселона" өткөн сезондун аягында Суарес менен келишимин узартпай койгон. Суарес 2014-жылдан бери каталондуктардын катарында ойноп, алар менен төрт жолу Испаниянын чемпиону болгон. 2020-жылы жайында футболчу "Атлетико Мадрид" клубуна өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-05-24 11:19:38
Барса и Реал легендаларды и командага салым кошкон оюнчуларды баалаганды билбейт.Кеткендердин копчулугу нааразы!
+5
Jaka1978
2021-05-24 15:18:58
ий ыйлап жибердиби ээ
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан