"Эделвейс" командасы баскетбол боюнча "Жеңиш кубогунун" жеңүүчүсү аталды

21-23-май күндөрү Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына арналган баскетбол боюнча өспүрүмдөр арасында "Жеңиш кубогу" эл аралык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 8 команда ат салышты.
Турнирдин жыйынтыгында "Эделвейс" командасы "Жеңиш кубогунун 2 жеңүүчүсү аталды. Күмүш медалды "Гиннес2" командасы тагынды. Ал эми 3-орунга Ташкент шаарынан келген "СК МО РУ" командасы татыды.

Белгилей кетсек, мелдеш Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан