
Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 24-май күнү саат 10:40та Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Могол, Арча-Булак, Талды-Суу айылдарында 3,5 балл, Сары-Таш айылында 3 балл, Бор-Дөбө айылында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Кара-Бак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.