Чүйдүн Панфилов районунда чагымчыл маалыматтарды таркатууга шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 5-май күнү милиция кызматкерлери тарабынан WhatsApp группаларда таркап жаткан маалыматтар алынган. Анда белгисиз аял Чалдовар айылында Тажик жарандарына карата чагым иретинде сөз айткан.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Аталган маалыматка тиешелүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен аталган билдирүүдө улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар экендиги такталган. Аталган фактыга шектелип 1998-жылы туулган Г.Н. жана 2001-жылы туулган К.Н. аттуу аялдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.