ЖЫЛНААМА, 24-май: "Карындашым" аттуу чыгармасы менен кыргыз рэп жанрына жаңы бурулуш жасаган Тата Улан 41 жашка чыкты

Бир мезгилде бет кап менен таанылган этноакын Тата Улан 1980-жылы 24-майда Бишкек шаарында туулган. Ал "Карындаш" , "Кыргызстан", "Баары бир" деген чыгармалары менен кыргыз рэпинде жаңы бурулуш жасап, коомчулукка таанылган.

Учурда ырчы Бишкек шаарында жашайт. Жеке жашоосу тууралуу айтуудан баш тарткан ырчы маектеринин биринде 4 баласы бар экенин билдирген.


Ата-энеси менен

Балалыгы тууралуу ырчы төмөнкүлөргө токтолгон.

"Бишкекте төрөлгөм. 2 жашымда тилим чыгып, 3 жашымда ата-энеме ар кандай суроолорду берип тажатчу экем. Көзүм көк, өңүм сары, кудум орустун баласындай болгондуктан, мени "сары, сапсары" деп эркелетишкенин көп айтышат. Кеминде бакчага барып, Таласта башталгыч класста окуп, кийинчерээк Алматыда жашап калдык. Үй-бүлөдө жалгызмын. Мен төрөлгөндө атымды ошол жылы болгон Олимпиадага шылтоолоп, Олимп коёбуз деп чыгышат. 80-жылдары "Улан" тасмасы өз көрүүчүлөрүн кызыктыра баштаганда, чоң атам тасмадан улам Улан деп коюптур. Ырас эле Улан болуп калган экем. Кайдагы бир атты койбогонуна сүйүнөм. Саман үстүндө оонап, чүкө ойногон балалык күндөр эстен кетпейт. Таята-таенемдин колунда өскөндүктөн, тигини-муну алып бер деп чаң салчу эмесмин. Эсимде, бир жолу таенем дүкөнгө жетелеп барып, "матрос шапке алперем" деп калды. Ичимден ушунчалык кийгим келип турса да, "жок, кийбейм, албай эле коюңуз" деп баш тарткам. Анткени аларды кыйнагым келчү эмес", - деген ал.

Окуучу, студенттик курак туралуу айтканы.

"Окуучулук күндөр Алматыда өттү. Ал жакта деле мектептен мектепке көчүп окудум. Тим эле укмуш окучумун дебейм. "2", "3" деген баа деле алат элем. Математика сабагы такыр жакчу эмес. Адабиятты сүйүп окугам. Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайдан билим алдым. Мага эч ким жардам берген эмес. Окуу жайда пара алуу деген жокко эсе эле. Ал гана эмес, экзаменге гүл алпарсак, пара дегенсип жаман көрүшчү. Билсең аласың, билбесең төрт тарабың кыбыла болчу. А бизде андай эмес, биздин жогорку окуу жайларды мен нөлгө барабар деп айтам. Себеби көрүп жатам, ини-карындашымдын кантип билим алып жатканын. Бизди окуткандай кылып билим беришсе, биринчиден Жараткан ыраазы болмок, экинчиден келечек оңолмок", - деген реп ырчысы.

Сахнада...

"Ошентип Москвадан өлкөбүзге диплом алып кайттык. Кинемотографисттер даяр турган кадрларды тоготпой, көчөдөн актёр тандап тасмага тартып калышты. Актёрлук кесип кереги жок болуп калды. Өкүнгөнүм, орус болсок белгилүү актёр болмокпуз, анткени биздин кыргыз группа күчтүү эле. Ошондой чоң ишенич менен келген биздин маянабыз 800 сом, үйүбүз жок. Акаев ар бирибизге батир бермек болгон, албетте, берген жок. Болгону Политехтен жатакана беришти. Ал жерде 2 жыл жашап, жүдөп кеттим. Бизди эч ким баккан жок же иш жок. Ошон үчүн Москвадан келген 20 бала чачырап кеттик. Анан эсиме келип, жаштыгымды туура пайдаланайын деп актёрлуктан кеттим. Ар кандай стилде 4 ыр жаздым. "Кыргызстан" деген ырым элге бат сиңип кетти. Ошондо ырдайын деп ойлоно баштадым. Мурда орусча ыр жазсам, кийин "Манасты" окуп, көөдөнүмө көп нерсе сиңире алдым да, кыргызча ыр жарата баштадым. Кыскасы, мен сахнада өз оюмду эл менен бөлүшкен адаммын. Өзүм туюп-билип жазган саптарды элге жеткирип жатам", - деген ал.

Бир жыл мурун Тата Улан "Келатат жаштар" деген жаңы ырын тартуулап, көпчүлүктүн назарына илинген. Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган Тата Улан "Менин чыгармачылыгым токтоп калган жок, ырларды жазып жүрөм, бийликтегилерге жакпайм" деп айтканы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-05-25 09:47:10
Туулган куну кут болсун.Ден соолук,тынчтык,уй булолук бакыт каалайбыз.Чыгармачылыгына ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан