Бир катар мамлекеттик мекемелердин кызмат адамдары жең ичинен макулдашып алып жерлерди мыйзамсыз берип жүрүшкөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын, мэриянын жер ресурстарын башкаруу кызматынын, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин шаардык бөлүмүнүн жана Бишкек шаардагы жер тилкелерди ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү боюнча комиссиясынын кызмат адамдары тарабынан жерлерди мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө борборубуздагы райондордун биринин мурдагы башкы архитектору Ж.М. актылардын талаптарын бузуу менен жогоруда аталган мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен макулдашууга барып, жерлерге мыйзамсыз түрдө архитектуралык-техникалык корутунду даярдап, жубайына каттатып алган", - деп жазылат билдирүүдө.