Күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Арсалан Будажапов Орусиянын Красноярск шаарында 27-30-май күндөрү өтө турган Иван Ярыгиндин элесине арналган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Будажапов турнирге эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакта катышат.
Арсалан Будажапов былтыр, 2020-жылы февраль айында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакка чейинкилер арасында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, алтын медалга ээ болгон.