Соода борбордогу сатуучу менен кардардын чыры. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Буга чейин Бишкек шаарындагы "Таш-Рабат" соода борборунда кардар менен консультанттын ортосунда орун алган чырдын видеосу тараган.

SUPER.KG порталына Октябрь райондук милициясынан окуянын чоо-жайын билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү Октябрь РИИБине Л.В. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Горький көчөсүндө жайгашкан соода борборунан белгисиз киши арыз ээсине пикир келишпестиктен улам денесине залал келтиргенин жазган.

"Мындан сырткары Октябрь РИИБине дагы бир тургун арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү аталган соода борбордон белгисиз кыз пикир келишпестиктен улам 3 жашар кызынын денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене "майда бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алынган жаракаттарды толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү юридикалык баа берилет. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп билдиришти Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан.

Бишкекте соода борборлордун биринде белгисиз киши сатуучуга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mira28
2021-05-25 03:03:59
Чон эле кишиге баласы менен турса кол которгонун.Жон эле тиктеп турсан ура бербегендир.Ак болсон балалуу кишиге кол котормок эмессин.Бул бутикте жалгыз отуруп чала була орус болумуш болгондордон окшойт.Чынын айтканда Бишкектеги магазиндерге кирсен орусча суйлоп жооп бергиси келбей керилишип тим эле,любой эле киши муштумдап эле ура бергин келетго.
-2
Kari
2021-05-25 09:51:06
Кандай болгон кундо да эркек оор болуп,кол которбошу керек болчу.Бироонун кызына кол которгон,оз аялын тегиздеп койсо керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан