Поэтерапия: "Муз болуп жибий албай көп жылдарга, Жылуулук көп издедим суусап, чаңкап"

Тектеш кабарлар: Поэтерапия рубрикасындагы ырлардын топтому (67 материал)

"Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Динара Асанова ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берет.

Динара Асанова 1979-жылы 23-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында төрөлгөн. Эки уул, бир кыздын мээримдүү энеси. Учурда Орусиянын Екатеринбург шаарында эмгектенет. "Ак шоола" ырлар жыйнагынын автору.

Мен досумун башканын

Таарынбаймын, бешенем бул тагдырга,
Канат кайрып, алсыз учсам жалгыз да.
Билдим бирок, кимдер кандай экенин,
Калганымда ылай кечип чалчыкта.

Неге качты жакын достор алыска,
Кечээ гана жүрүшчү эле жанымда.
Дасторконум кенен тегиз жайчумун,
Акыреттик досторум деп асыл баа.

Мейли досум, чындап жүзүң жашырсаң,
Анда кантип сыр айтууга батынам.
Насип кылган өз ырыскым берилген,
Ичсем дагы суусу таза арыктан.

Көрүп калсаң салам бергин жаңылбай,
Түзөлгөмүн, баса аламын чалынбай.
Бирок мага капа болбо, кечиргин,
Сени көрүп мен да калсам тааныбай.

Түшкөн өңдүү таразанын ташына,
Салмагыбыз, жеңил-оор деп артыла,
Азбы-көппү, чеңгелдерге толтуруп,
Таптым азыр достук деген айырма.

Небак токтоп көөнөктөлгөн жаштарым,
Ак барактай жаңы жашоо ачкамын,
Кечир досум, сен калтырып кеткенде,
Жан аябас башка досту тапкамын.

Менин тагдырым татаал болду... Жашоомдо досторум өзгөрүлүп, жакын эки досум достукта терс сапаттарын көрсөтүшкөн. Кийин жагдайым жакшырганда алар келип, кечирим сурашкан. Мындан улам жүрөгүм ачышып, ушул ырды жазгам.
Кайдыгерлик
Душманга жан купуя сырды бердик,
Шерденип, мактаганга ачтык эшик.
Хан Манастын урпагы унутулуп,
Калбаса экен зээним кейийт кайдыгерлик.
Билсек да көрүп туруп, айталбайбыз,
Бут шилтеп бараар жерден тайсалдайбыз.
Бузганды жакшы көрүп ийгиликсиз,
Баш ал десе, бөрк алаар аталганбыз.
Сокур көөдөн, көпөстөргө жалданабыз,
Анан неге, куру намыс арданабыз.
Түшүнөн чочуп турган уйкучудай,
Түшүбүздү кимге жооруп даттанабыз.
Мандатты алса болот таш бараңсыз,
Чу койуп, жамандыкка аттанабыз.
Бүлүк салбай, оңолсо экен пейилибиз,
Санаасы жок, сак уктайлы кайманасыз.
Урпактарга кайсы тарых мактанабыз,
Сыймыктанып эмнелерди айта алабыз?
Өйкөлөйт жүлүнүмдүн муундары,
Деги биз кандай жолдо баратабыз?
"Кайдыгерлик" ырым акыркы учурда өлкөдө болуп жаткан окуяларга арналып жазылган. Мамлекет башчыны алмаштырабыз, бирок калктын абалы мурунку бойдон эле калууда. Биз мигранттар алыста жүрүп өлкөбүз үчүн жүрөгүбүз ооруйт. Сагынабыз, кайгырабыз. Анан көөдөндү "жарып чыккан" саптарды кагазга түшүргөм.
Тирүүлүк
Өр таппай, баскан изим буйдаланып,
Күн нуру, жүзүн буруп чулгаланып.
Кеткендей бул жалгыздык иримделип,
Көөдөнүм жанчкылады муңга батып.
Жан дүйнөмдү алаамат сели каптап,
Кыш болуп, бороондолду жайкы аптап.
Муз болуп жибий албай көп жылдарга,
Жылуулук көп издедим суусап, чаңкап.
Шүүдүрүм салкын соккон шамалына,
Каалгытып, чимирилтип айдадың да.
Тагдырым татаалдашып кайгы жутуп,
Киринттиң тирүүлүктүн дайрасына.
Бул ыр менин өзүмдүн жашоомо байланыштуу десем болот. Кыйынчылык башка түшкөндө бактылуу күндөрүмдү сагынып, артка жол жок экенин түшүндүм. Бир гана алдыга балдар үчүн сабырдуу болуп жашашым керек болчу. Кайраттуу болуу үчүн бел байлап, өзүмдү сооротуп ушул ыр жазылган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан