Бишкектин Биринчи Май районунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата сынак өтөт

Биринчи Май акимиатында 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата мыкты куттуктоолор үчүн онлайн сынак башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, сынакка Биринчи Май районунун тургундары гана үч номинация боюнча катыша алышат:

  • 4 жаштан 7 жашка чейинки балдар арасында "Мен келечектеги чемпионмун" темасында мыкты сүрөт;
  • 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн "Менин спорттук үй-бүлөм" мыкты видеотасма;
  • 4 жаштан 17 жашка чейинки курактагы "Мен сергек жашоо үчүн" видеотасма.

Эң көп "лайк" жана "репост" алган катышуучулар жеңүүчү деп эсептелет.

Катышуу үчүн WhatsApp: 0551 049 596 номеринде жеке билдирүүлөргө тиркеме катары кабыл алынат, милдеттүү түрдө толук аты-жөнүн, туулган күнүн, байланыш номерин, классын жана мектептин номерин көрсөтүү керек.

Добуш берүү жыйынтыктары 2021-жылдын 2-июнунда жарыяланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан