Кечээ, 24-майда коңшу Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына даярдануу максатында күчтүү делинген Ирак курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Оюн Ирактын Баср шаарында өтүп, 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Тажикстан курама командасы кийинки жолдоштук беттешин 29-майда БАЭнин Шарджа шаарында Таиланд курама командасына каршы өткөрөт.
Ирак курамасы Азия чөлкөмүндөгү күчтүү командалардын бири. ФИФА уюмунун апрель айындагы жыйынтыгы боюнча Ирак 210 өлкөнүн ичинен 68-орунда.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япония жана Тажикстандан кийин 7 упайы менен 3-орунда келе жатат.