Жайылда жеңил унаа бетон тосмону сүзүп 14 жаштагы бала жабыркады

Чүйдүн Жайыл районунда жеңил унаа бетон тосмону сүзүп, 14 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майга караган түнү саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда болгон.

Анда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2007-жылы туулган эркек бала жабыркаган. Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында нөөмөттө турган ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жабыркаганды унаадан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан