Ысык-Атада Honda Odyssey унаасы жолдон чыгып оодарылып, айдоочу каза болду

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кетип айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү саат 06:12 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 49-чакырымында Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1998-жылы туулган унаанын айдоочусу каза болгон.

Жерине ӨКМнын №4 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан