Бүгүн, 25-майга карата өлкөдөгү акча алмаштыруучу жайларда Valuta.kg порталынын маалыматы боюнча 1 АКШ долларынын баасы 83,33 сом деп бааланууда.
Ошол эле учурда Улуттук банктын расмий сайтында 1 АКШ доллары 83,62 сомго бааланып, доллар 0,18 пайыз төмөндөгөн.
Былтыр, 2020-жылы өлкөдө АКШ доллары кескин кымбаттап, 69 сомдон дээрлик 85 сомго чейин кымбаттап кеткен. Ал тургай кээ бир акча алмаштыруучу жайларды АКШ доллары калбай калганы белгилүү болгон.