Аксыда жайлоого мал айдап бара жатып аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала табыла элек

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайлоого мал айдап бара жатып, аты үркүп кетип аты менен кошо сууга түшүп кеткен бала табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-майда Жаңы-Жол айыл аймагындагы Терс айылынын 2010-жылы туулган бала жайлоого мал айдап бара жатып мал өтүүчү көпүрөдө аты үркүп кетип, аты менен кошо сууга түшүп кеткен.

Жерине ӨКМнын өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, 8 чакырым суусунун жээгин издөө иштерин жүргүзүшүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 25-май күнү дагы улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан