Дайыр Исмадияров: "18 жылдан бери көрө элек классташымдын катын окуп сүйүндүм"

Кыргыз эстрада ырчысы Дайыр Исмадияровго 18 жылдан бери көрө элек классташы кат жазды. Классташынын жазган катын ал бүгүн, 25-майда Инстаграм баракчасына жарыялады.

SUPER.KG порталы ырчы менен байланышып 18 жылдан бери көрө элек классташ кызынын катын окугандагы сезимдери, окуучулук кезиндеги кыялдары менен бөлүштү.

"Бул катты классташ кызым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгарып, менин баракчамды белгилеп коюптур. Катты аягына чейин окуп ошол күндөрдү жакшы эстей албай, аягында гана бир аз эстедим. Албетте, классташымдын жазганын окуу мен үчүн жагымдуу болуп, сүйүнүп койдум. Негизи окуучулук күндөрдө жер кыдырам деп кыялдана берчүмүн. Биринчи планым жогорку билим алып, эл активисти болуп, башка өлкөгө элчи болуп кетким келчү. Ал эми классташтарымдын баары менен эмес, саналуу гана классташтарым менен байланышым бар", - деп билдирди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан