Кыргыз-Тажик чек арасына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Мындай чектөөнү Кыргыз өлкөсү киргизген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди министрлер кабинети 21-май күнү чыгарган.
Анда Тажик жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө чектөөлөр коюлган.
"Кулунду", "Кайрагач”, "Кызыл-Бел”, "Бордобо” жана "Карамык” өткөрүү пункттары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр каралган.
Эки өлкөнүн дипломаттардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
Чет өлкөлөрдүн дипломаттары жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
Кыргыз-Тажик өлкөлөрүнүн расмий адамдары;
Ошол эле учурда Тажикстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндө жүргөн тажик жарандары мекенине өтүп кете алат.