Кадр кызматынын директорунун орун басары ротация болгон акимдерге шарт түзүп берүү боюнча пикирин айтты

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский ротация болгон акимдерге шарт түзүп берүү боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда маалымат жыйында билдирди.

"Пандемияга байланыштуу республикада экономикалык абал анчалык деле жакшы эмес. Чындыгында, мындай учурда турак жай чет өлкөдө берилет, биз муну мүмкүн болушунча чечебиз. Ротация болгон акимдерге шарт түзүп берүү боюнча маселе каралат. Райондорду биринчи кезекте өлкө жөнүндө ойлогон адамдар башкарышы керек. Сөз милдет, мекенге кызмат кылуу жөнүндө болуп жатат. Көп акча тапкыңыз келгендер акимдик кызматка баруунун кажети жок. Бул Кыргыз мамлекетиндеги жаңы кадрдык саясаттын концепциясы", - деди ал.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү райондордун акимдерин ротациялады. Мамлекет башчы кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары - облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулган. Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан