"Каршылык көрсөтсөң ден соолугуңдан ажырайсың". Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Бишкекте опузалап талап кылууга шектүү жарандар кармалды, анын бири уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 14-май күнү Октябрь райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда Анкара көчөсүнөн арыз ээсинин эркине каршы күч колдонуп унаага салып, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырып 1 миң доллар акча каражатын тартып алышкан. "Эгерде каршылык көрсөтө турган болсоң ден соолугуңдан ажырайсың" деп коркутканын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-беренеси "опузалап талап кылуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 40 жана 31 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Иликтөө иштери уланууда.
Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан