Орусияда Кыргыз үй-бүлөсүнүн 4 жана 5 жаштагы кыздары өрттөн каза болду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда кыздардын сөөгүн мекенге жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.
"Кырсык 22-май күнү болуп, анда ата-энеси эки кызын үйгө калтырып сыртынан кулпулап, жумушка кеткен учурда өрт чыкканы айтылууда. Ал маалыматтар дагы да тергөөдө такталат", - деди элчиликтен.