Дүйнө чемпиондугу: "Тажикстан алдыда". Тайпадан чыгуу үчүн Кыргыз курамасына канча жеңиш керек?

Июнь айында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япониянын Осака шаарында 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарын өткөрөт. Мындан улам SUPER.KG порталы бул оюндарда Кыргыз курамасына канча жеңиш керек же болбосо улуттук курама тайпадан канткенде чыга алат? деген суроолорго жооп издеп көрдү.

Эң негизги каршылаш болгон Тажикстан азырынча алдыда

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япония жана Тажикстандан кийин 7 упайы менен 3-орунда келе жатат. Бирок Тажикстан жалпы 6 оюн өткөрсө, Кыргыз курамасы тайпада 5 гана оюн өткөрдү. Демек, тайпадан экинчи орун менен чыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.

"Ак шумкарлар" тайпадан канткенде чыга алат?

"F" тайпасында жайгашкан 5 команда тайпада жалпы 8 оюн өткөрүшөт. Учурда Кыргыз курамасы 8 оюндун 5 оюнун өткөрүп, 7 упай топтой алды. Ал эми негизги атаандаш болгон Тажикстан 8 оюндун 6 оюнун өткөрүп, 10 упай топтоп экинчи орунда. Кыргыз курамасы Япония, Мьянма жана Монголия менен 3 оюн өткөрөт. Тайпадан экинчи орунга жайгашуу үчүн үч оюнда тең жеңишке жетиш керек. Же болбосо, Тажикстан калган эки оюнунун, тагыраагы Япония менен Мьянманын бирөөсүнө жеңилиши керек.

Эгерде Кыргыз курамасы Японияга утулуп, калган эки оюнду утса 13 упай топтой алат. Ал эми Тажикстан Мьянманы жеңип, Япониядан жеңилсе ал дагы 13 упай топтогон болот. Эки команда тең 13 упайдан алса, киргизген жана өткөрүп алган голдордун саны эсептелет. Кыргыз курамасы азырынча голдордун саны боюнча алдыда.

Тайпада экинчи орунга жайгашкандан кийин калган 8 тайпадагы экинчи орунду алган 4 мыкты команда тайпадан чыгат. Ал үчүн алдыдагы оюндарда аз гол өткөрүп, көп гол киргизгенге болгон күчтү жумшаш керек. Алга, "Ак шумкарлар!".

Алдыдагы беттештердин тизмеси:

7-июнь:
Кыргыз Республикасы - Монголия,

11-июнь:
Мьянма - Кыргыз Республикасы,

15-июнь:
Япония - Кыргыз Республикасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
algakaray
2021-05-25 15:22:25
Утушса экен. Умут кылып туралы
+14
B.city
2021-05-25 15:48:35
АК шумкалар алга
+13
Kurmanbek_81
2021-05-25 15:58:07
Экөөнү утуп, Япония менен тең ойношсо абдан сонун болмок, АЛГА Ак Шумкарлар, Тажиктерден алдыга өтүш үчүн НАМЫС үчүн ойногула
+13
Ala.too.456
2021-05-26 10:40:25
Kurmanbek_81, Японияны деле ута берейличи....
+2
Guli-85
2021-05-26 07:57:51
Кутман Кадырбеков ойносун
+1
Dembele84
2021-05-26 14:50:03
Оз уйубуздо монголияга болушунча кобуроок год киргизгиле,аягында ошол гол эсептегенде отуп кетели хотя бы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан