"Жооп бере элек". Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер менен боло турчу беттешке кызуу даярданып жатат

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер Умед Музофирбеков менен боло турчу беттешке кызуу даярданып жатат. Бул тууралуу кыргыз мушкери өзүнүн Instagram баракчасынын "Stories" бөлүмү аркылуу билдирди.

"Биз тажик мушкерине өзүбүздүн жообубузду бергенбиз. Менеджерим менен байланышкан. Сүйлөшүү болуп жатат. Бир жумадан бери жообун күтүп жатабыз, алар жооп бере элек. Биз даярбыз, дагы бир, эки айдын ичинде толук даяр болуп калам. Бул чоң жоопкерчилик. Калган иштердин баарын таштап машыгуу гана кылып жатам", - деди Шаршеев.

Буга чейин Дастан Шаршеев тажикстандык мушкер беттешке чакырганын айтып, аны менен беттешүүгө даяр экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zam81
2021-05-25 17:23:58
Уят кылба артында кыргыз эли
+6
tihonkg
2021-05-25 20:44:34
тазиктек жооп болбойт эми кутпойле кой апасынын астына кирип кетти уже
+2
ulanbek2000
2021-05-26 06:54:33
Бой болбойт. Жөндөн жөн ызылдай бербегиле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан