Сот жарандык активист Улан Жураевге 260 миң сом айып пул салды

Жарандык активист Улан Жураевге 260 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу өкүмү чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, активист Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынган. Соттун чечими 11-майда эле чыккан.

Маалымат үчүн:

9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйө менен кармаганы маалымдалган. Андан соң райондук сот аларды УКМКнын СИЗОсуна эки айга камакка киргизген.

Кийин Улан Жураев үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан