Талас облусунун Бакай-Ата районунда суу ташкыны 37 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бакай-Ата районунда саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай, Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун каптады. Ошондой эле Талас районунун Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 гектар айдоо жерин сел алган.
Жерине райондук ӨКМнын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Ошондой эле селдин кесепетин жоюуга 50гө жакын айыл тургундары катышууда.