WhatsApp мессенжеринде үн билдирүүлөрүн тездетүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына ылайык, бир нече күн мурун WhatsApp бул жаңы функцияны платформанын бета-программасына катталган колдонуучуларга жарыялады. Эми акыркы жаңыртуунун жардамында функция бардык түзмөктөрдө жеткиликтүү болот. Функцияны сыноо ушул жылдын март айында башталган.
Белгилей кетүүчү жагдай, кийинки жолу аудио укканда WhatsApp демейкиде колдонулган акыркы ылдамдыгын сактайт.
Компания ошондой эле колдонуучуларга жазылган аудио билдирүүлөрдү жөнөтүүдөн мурун угууга мүмкүнчүлүк берерин жарыялады. Эгер колдонуучу жөнөтүлгөн үн кабарына ишенбесе, аудиону кайрадан жазууга болот.