Орусия менен Япониянын балык уулоочу кемелери сүзүшүп, 3 адам өлүм алдында жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кырсык Япониянын Хоккайдо аралына жакын жерде орун алган.
"Кырсыктын кесепетинен 3 япониялык балыкчы өлүм алдында жатат. Тактап айтканда, жүрөгү, дем алуусу токтогон абалда. Япониядагы эрежелер боюнча алардын өлүмүн атайын дарыгер тастыктамайынча каза болду деп айтууга болбойт.
Кагылышуудан япон кемеси аңтарылып кеткен. Түштүк-Сахалинсктеги куткаруу борбору кырсык болгонун тастыктап, Орусия тараптан да жабыркагандар бар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.